Пятница, 22 ноября

Коопсуз шаар: Экинчи фазадагы камералар ишке кирди (тизме)

0

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасы жарым-жартылай ишке кирди. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, эки камера Ибраимов жана 7-апрель көчөлөрүндөгү жол өтмөгүндө коё берилди.  Дагы 14ү Чүй облусундагы трассаларда иштеп жатат.

Алардын тизмеси:

— Бишкек — Ош 154,3 км;
— Бишкек — Ош 160 км;
— Бишкек — Чалдовар 61,6 км. Кара-Балта ш. «Мээрим» дүкөнүнүн маңдайы
— Бишкек — Чалдовар 67,3  Вознесеновка; а.
— Бишкек — Чалдовар 74 км Панфиловка а.;
— Бишкек — Чалдовар 78,2 км  Панфиловка а.;
— Бишкек — Торугарт 17,700 км  Киргшелк а.,  «Газпром» МКБ;
— Бишкек — Торугарт 18,800 км Люксембурга.,  «Бишкек Петролеум» МКБ;
— Бишкек — Торугарт 20 км Люксембург а., Ленин — Западная көчолөр кесилиши;
— Бишкек — Торугарт 25 км Кант ш,  «Газпром» МКБ маңдайы, Бишкек — Торугарт 31,7 км Красная-речка а., Ленин көчөсү 151 -үй
— Бишкек — Торугарт 39,8 км Ивановка а, Ленин көч., 238; Бишкек- Торугарт 47 км Дружба а., Ленин-Чүй көчолөр кесилиши.

Ал эми Бишкектеги дагы 9 көчө кесилиште орнотулган камералар сертификациядан өтүп бүтө элек.

Эске салсак, 1-фазада 10 көчө кесилиште камералар иштөөдө. 2-фаза толугу менен 12-мартта эле кое берилмек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз