Пятница, 26 апреля

Казак президенти Токаев Кыргызстанга келет

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда расмий иш сапар менен Кыргызстанга келет жана Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышат. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБге кирген башка өлкөлөрдүн башчылары форумга онлайн катышат.

“Мындан тышкары, форумга катышуу үчүн биримдикке кирген 5 өлкөдөн тышкары, дагы 10 өлкө билдирүү берген. Анын ичинде Түштүк Корея, Молдова, Түштүк-Чыгыш Азия жана Латын Америка өлкөлөрү бар. Форумга жалпы 1 миң 700 адам катышат”, — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз