Пятница, 26 апреля

“Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү Түркияда иштей албайт

0

“Сапат” билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларынан алган дипломдору менен Түркияда жумушка орношо албайт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.

Түркияда 2016-жылдын 15-июлунда АКШда жашаган террорист башчы Фетуллах Гүлен башында турган Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) тарабынан чыккынчылык менен төңкөрүш жасоо аракети болгон. Түрк мамлекетинин жана улутунун биргелешкен күрөшү менен бөгөт коюлган төңкөрүш аракетинде 251 жаран шейит болуп, 2 миң 734 жаран аталган төңкөрүштө жаракат алган.

Билим берүү мекемелерин дүйнөнүн төрт бурчунда ачып, аларга жетекчилик кылып, жана алар аркылуу жаштардын башын айлантып өзүнүн мыйзамсыз максаттары үчүн колдонууну көздөгөн ФЕТӨ, Кыргызстанда “Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемелери” деген ат менен ишин улантууда. Аталган билим берүү жайларынан алынган финансылык кирешелер уюмдун мыйзамсыз иштерине жумшалууда.

Ушул себептерге байланыштуу, Түркияда ФЕТӨгө тиешелүү бардык мектептер жана жеке  курстар жабылган.

Жогорудагы көрүнүштөн улам, ФЕТӨ уюмунун курамында Кыргызстанда ишмердүүлүгүн улантып жаткан Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларынан алган дипломдору жана орто мектеп аттестаттары Түркия Республикасынын бийлик органдары тарабынан нострификациялоодон өтпөйт. Мындан тышкары, бул мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн Түркиянын кандайдыр бир стипендия программасы (Туркие Бурслары) үчүн жасаган кайрылуулары да кабыл алынбайт. Ошондой эле, “Сапат” билим берүү мекемелери ФЕТӨ тарабынан иштетилген мезгил аралыгы боюнча аталган мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн Түркияда жумушка орношуулары мүмкүн эмес.

Буга кошумча катарында Түркия Республикасы, жогорудагы мекемелерде иштеген Кыргыз Республикасынын жараны-жетекчилерге жана мугалимдерге карата Түркиянын мыйзам алкагында ар түрдүү чара колдонуу укугуна ээ экенин белгилейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз