Суббота, 20 апреля

Күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду

0

Филиппиндин Батангас провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Филиппин сейсмологиялык институту жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:50дө Батангас провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөөнүн катталганын билдирди.

Жерден 132 километр тереңдикте катталган жер титирөөнүн очогу Калатаган провинциясынын 21 километр түндүк-батышында экени аныкталды.

Жер титирөөнүн булагы тектоникалык кыймылдар экенин белгилеген бийлик, жер титирөөнүн дагы болоорун эскертти.

Жер титирөө борбор калаа Манила, Булакан жана Чыгыш Миндоро провинцияларында сезилгени менен адам өмүрүнө жана мүлккө зыян келтирилгени жөнүндө маалымат берилген жок.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз