Четверг, 25 апреля

Видео. Камбар-Ата-1 каерге курулаары белгилүү болду

0

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакынкы күндөрү башталат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында ГЭС плотинасы, бурма каналы жана машиналык зал курула турган жер менен таанышып чыккан. Ошондой эле курулушчулар менен долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычы, плотинанын кирме жолунун тазаланышы жана курулуш иштери жөнүндө сүйлөштү.

«Көз коркок, кол баатыр! Бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган өтө маанилүү долбоор. Азыркы учурда биз болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес.

Андан сырткары, бул ГЭС менен биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө мультипликативдик натыйжага ээ болуп, мигранттар жумуш орундары менен камсыз болуп, бүтүндөй бир чоң топтун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөөрүн белгилеп кетким келет», — деген министр.

Видео: https://ok.ru/video/3425384008442

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз