Пятница, 17 мая

Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн 30 жылдыгына карата жыйын өттү

0

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Күжүрмөн даярдоо Борборунун базасында “КР Куралдуу күчтөрүнө 30 жыл, жыйынтыктар жана перспективалар” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Коргоо министрлигинен билдиргендей, аталган конференциянын максаты – Куралдуу күчтөрдүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоодогу ролун, ордун пропагандалоо, ошондой эле КР КК куруунун алдыдагы негизги багыттарын аныктоо болуп саналды.

Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, министрдин орун басарлары, Коопсуздук кеңешинин, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, Аскер институтунун курсанттары жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз