Пятница, 3 мая

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган маймыл чечеги оорусунун белгилерин билип алыңыз

0

АКШ, Канада, Австралия, Испания, Португалия, Улуу Британия, Франция, Италия, Швеция, Бельгия баштаган ондогон өлкөдө маймыл чечеги (monkeypox) оорусунун кишилерге жуккан жаңы учурлары катталып, саламаттык сактоо органдары изилдөө иштерин баштады.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү болуп саналат. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган. Мунун вирусунун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Маймыл чечегин жуктурган адамда дагы денесинде ыйлакчалар чыгып кетет.

Маймыл чечегинин белгилери:

Дене табы көтөрүлөт;

Баш катуу ооруйт;

Моюндагы, колтуктагы бездер шишип кетет;

Булчуңдар сыздап ооруйт;

Шалдыратып, адамдын күчүн алат.

Маймыл чечегинин айынан көз жумгандардын арасында иммунитети начар адамдар менен катар жаш балдар көп кездешет.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз