Пятница, 22 ноября

Психотроптук заттар менен алек болгон эл аралык кылмыштуу топ аныкталды

0

Кыргызстанда жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди ташуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында жүктүн ээсинин бири Ю.С.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

“Азыркы учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар адамдарды, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинин 1-бөлүгү («Бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы») боюнча кылмыш иши козголгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз