Воскресенье, 19 мая

Маймыл чечегинин айынан кайрадан чектөөлөр киргизилеби?

0

Европа өлкөлөрүнөн кийин арап өлкөлөрүндө да маймыл чечеги аныктала баштады. Бириккен Араб Эмирлигинде маймыл чечегинин алгачкы учуру катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратты.

Буга чейин Чехия бийлиги инфекциянын биринчи учуру катталганын жарыялаган. Европанын бир катар өлкөлөрү жугуштуу оорунун көбөйүшүнө байланыштуу 21 күндүк карантин киргизишүүдө.

Бельгиянын бийлиги дагы оорулуулар үчүн үч жумалык милдеттүү карантин киргизди. Өлкөдө маймыл чечегине чалдыккан төрт киши бар, дагы бир нече факт такталууда.

Азырынча Борбордук Азия өлкөлөрүндө маймыл чичеги менен ооруган учурлар каттала элек. Адистер жакынкы күндөрү маймыл чечеги илдети бул аймакка да таралышы мүмкүн экенин эске салышууда.

Кыргыз коомчулугунда маймыл чечегине байланыштуу кооптонуулар пайда болууда. Бул дарттын өлкөдө көбөйүүсү мурдагы жылкыдай чектөөлөр киргизилеби деген суроолорду туудурууда. Азырынча бийлик кандайдыр бир билдирүү тарата элек.

Маймыл чечеги – сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алган адамдардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн.

Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматы боюнча, учурда дүйнө жүзүндө 130 адам бул илдет менен күрөшүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз