Воскресенье, 19 мая

Видео. Сузакта мугалим өзүнүн кызына болушуп окуучуну сабаган

0

Социалдык тармактарда окуучу кызды мугалим сабап жаткан видео тарап жатат. Видеодо мугалим окуучу кызды бакша көзгө койгулаганын, ачуу сөздөр менен урушканын көрүүгө болот. Билим берүү жана илим министрлиги тасма боюнча комиссия түзүлгөнүн маалымдады.

Окуя 23-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгон. Окуучуну сабап жаткан информатика мугалими, кыз 7-класстын окуучусу.

Сузак райондук билим берүү бөлүмү түзгөн комиссия окуяны бүгүн териштирип, чечим кабыл алат.

Муну менен катар социалдык түйүндөрдө мугалим окуучуну урганга чейинки жаңжал тууралуу видео тарап жатат. Видеодон мугалимдин окуучу кызды «сволочтар» дегенин, кыз ордунан тура калып каяша айтып, андан ары кайым айтышуу күчөп кеткенин көрүүгө болот. Информатика мугалими 7-класстын окуучуларын урушуп жатканда окуучу кыз отурган жеринен ыргып туруп, кыйкырып сүйлөй баштайт. Мугалимдин кызы тууралуу дагы сөз болуп, апасы аны коргоп жатканын көрүүгө болот.

Мугалимдин милицияга айткан маалыматына ылайык, сабалган кыз менен мугалимдин өзүнүн кызы класста уруша кеткен. Аларга тынчтануусун айтканда окуучу кыз мугалимге каяша айткан.

Мугалим окучу кызды сабап салды

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз