Вторник, 7 мая

Азербайжан эми Зенгезур аркылуу Нахчиванга каттай алат

0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армения менен темир жолу жана автомобилдик жолдорунун курулушу, Зенгезур коридорунун ачылышы тууралуу келишкендерин билдирди.

Азербайжан президентинин аппаратынан берилген маалыматка караганда, Илхам Алиев  Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жекшемби күнү жолугушуу өткөргөн.

Жолугушууда Мишель жана Пашинян менен өлкөсү менен Армениянын ортосунда тынчтык келишиминин даярдалышы, эки өлкөнүн ортосундагы карым  — катнаштардын калыбына келиши, транспорт коридорлорунун ачылышы жана чек аралардын белгилениши маселелери каралган.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда чек аралардын белгиленишине байланыштуу мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү тууралуу чечимге кол койулган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз