6-июндан 10-июнга чейин «Ала-Арча» паркынын аймагына кирүү жабык болот. Бул тууралуу КР президентинин иш башкармалыгынын «Кыргыз мамлекеттик «Ала-Арча» жаратылыш паркы» мекемесинен билдирди.
«Жолду реконструкциялоого байланыштуу 2022-жылдын 6-июнунан 10-июнуна чейин «Ала-Арча» жаратылыш паркынын аймагына автотранспорттордун кирүүсү убактылуу токтотулат», — деп айтылат маалыматта.