Воскресенье, 28 апреля

Путин: “АКШ Украинага курал берип согушту узартууну каалап жатат”

0

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын Киевге көп стволдуу ракеталык системаларды берүү максатынын Украинадагы куралдуу кагылышууну узартуу экенин билдирди.

Путин «Россия-1» мамлекеттик каналына жасаган билдирүүсүндө АКШнын Украинага көп стволдуу ракеталык комплекстерин жеткирүү эч нерсени өзгөртпөгөнүн, анткени украин армиясында мурда «Град», «Смерч» жана «Ураган» сыяктуу орусиялык жана советтик көп стволдуу ракета аткычтар болгонун эске салды.

Мындай куралдардын аралыгы системанын өзүнө эмес, колдонулган ракеталарга көз каранды экенине көңүл бурган Путин, Украинага берилген ракеталардын түрүнө жараша учуу аралыгынын 45-70 километр экенин, ал эми Град, Смерч жана Ураганда көп стволдуу ракеталардын учуу аралыгынын 40-70 километр экенин маалымдады.

АКШ жана башка өлкөлөрдөн Украинага мындай курал-жарак жеткирилиши Киевдин аскердик техникасынын жоготууларынын ордун толтуруу менен гана байланыштырылса болорун белгилеген Путин: «Менин оюмча, кошумча жеткирүүнүн тегерегиндеги бул ызы-чуулардын баары жалпысынан бир максатты камтыйт: куралдуу кагылышууну мүмкүн болушунча узартуу»,-деди.

Украинага узак аралыкка учуучу ракеталар жеткирилсе Орусиянын жыйынтык чыгара турганын белгилеген Путин:«Биз колубузда болгон жок кылуу каражаттарын биз али ура элек объектилерге чабуул коюу үчүн колдонобуз»,-деди.

Орусиянын Украина портторундагы миналарды тазалоо иштерин деңизден кол салуу үчүн шылтоо катары колдонбой турганын белгилеген Путин: «Орусия дан эгиндерин бейкапар ташуу үчүн, кемелердин Азов менен Кара деңизге кирүүсүнө уруксат берүү үчүн даяр. Ушундай эле түрдө Киев да өз сууларын тазалоо менен данды экспорттой алат»,-деп айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз