Вторник, 7 мая

Кассалык аппаратты каалабагандар эми Ошто митингге чыгышты

0

Бүгүн Ош шаарында кассалык-контролдук аппараттын (ККМ) коюлушуна каршы болгон отуздай соодагер мэриянын астына акцияга чыкты.

Алар ККМ менен иштөө талабы коюлгандан кийин эсеп-фактурасы менен иштөө татаалдашканын айтып, президент Садыр Жапаровго патент системасын калтырууну өтүнгөн кайрылуу жолдошту.

Чогулгандар менен Ош шаардык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Жолборс Бакиров жолукту. Ал ишкерлерди кабыл алынган мыйзамга баш ийүүгө чакырып, салыкчылар чечимди аткарууга милдеттүү экенин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз