Понедельник, 13 мая

Черногория, Түндүк Македония жана Болгария Лавровду учурбай коюшту

0

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Сербияга сапары, үч өлкө аба мейкиндигин жапкандан кийин токтотулду.

Сербиялык басылмалар Лавровдун Сербияга болгон сапары Черногория, Түндүк Македония жана Болгария анын учагына уруксат бербегени үчүн токтотулганын жазып чыгышты.

Сербиянын президенти Александр Вучичтин үч өлкөнүн чечимине байланыштуу бүгүн Орусиянын Белграддагы элчиси Александр Бокан-Харценко менен жолугуша турганы жана элге кайрылуу жасай турганы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз