Воскресенье, 19 мая

Ала-Тоо” аквапаркында чөгүп кеткен бала боюнча кылмыш иши козголду

0

Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан агенттикке билдиришкендей, 2022-жылдын 6-июнунда болжол менен саат 11:00дө «102» кызматына «Ала-Тоо» аквапаркындагы бассейнге бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу бассейнге барышып, эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткендигин аныкташкан.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 127-чи (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 297-беренелеринин (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-экспертиза дайындалды.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз