Сүрөт. Ыссык-Көлдө жылаңачтанган сүрөтчүлөр

0

Ыссык-Көлдө дарактардын кыйылышына каршы сүрөтчүлөр чечинип сүрөткө түшүштү. Сүртөчү Иван Рясков өзүнүн социалдык баракчасынан “Биз – даракпыз” («Мы = деревья») аттуу иш-чара өткөрүшкөнүн жазып, сүрөт менен бөлүштү. Сүрөттө жылаңач аял-эркектердин дарактын дүмүрлөрүнө чыгып алгынын көрүүгө болот.

Иш-чара “Илгери” деп аталган проекттин алкагында өткөрүлгөнү маалым болду.

Иван Рясков бул көркөм өнөр иш-чарасы аркылуу Балыкчы-Каракол жолун курууда дарактардын массалык түрдө кыйылып жатканына коомчулуктун көңүлүн бургусу келгенин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз