Воскресенье, 12 мая

Видео. Чек арага тереңдиги 17 метр болгон туннель казылган

0

4-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарында Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Чек ара кызматынын башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен, ошондой эле Өзбекстандын тиешелүү кызматтары менен биргеликте Кара-Суу шарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргызстан менен Өзбекстанды жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган.

«Туннелдин тереңдиги 17,5 метр, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, туннелдин жалпы узундугу 155 метрге жакын экени аныкталды. Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, буга чейин дагы УКМК тарабынан аткезчиликке каршы комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган туннель табылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз