Воскресенье, 28 апреля

Түрк министр: эч ким террорчуларды жок кылуубузга тоскоол болбосун

0

Түркия Сириянын түндүк тарабына аскерий операция жасоого даярданууда. Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Сириянын түндүгүндөгү террордук борборлорго каршы ыктымал операцияга байланыштуу: «Эмне керек болсо, убагы жана орду келгенде аткарылат», — деди.

Түрк министр: «Биз өлкөнүн түштүгүндө, Сириянын түндүгүндө террористтердин болуусуна жол бербейбиз. Кандай гана тапшырма болбосун аткарууга даярбыз, бул жагынан чечкиндүүбүз, биз бул жагынан жөндөмдүүбүз»,-деген пикирин билдирди.

Хулуси Акар операцияда бутанын мурдагылардай эле террористтер болорун баса белгиледи. Операцияга тоскоол болууну каалаган өлкөлөргө кайрылган Акар:«Бул маселе боюнча биздин алдыбызга эч ким чыкпашы керек, бизге тоскоолдук кылбашы керек. Биздин бир гана бутабыз террористтер. Күрттөр менен араптар биздин бир тууганыбыз. Пландоо жана ишке ашыруу баскычтарында да жарандарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн бардык чараларды көргөнүбүз жана бул багытта эмне кылганыбыз айдан ачык», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз