Понедельник, 6 мая

Эртең Бишкекте футбол майрамы болот

0

Эртең, 8-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрөт.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, эртең футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары башталат. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

“Алгачкы жолу эски аянтта чоң экран коюлуп, алдыдагы беттештер түз чагылдырылып турат. Кирүү акысыз”, — деп айтылат маалыматта.

Оюндун жүгүртмөсү:

8-июнь:
• Кыргызстан — Сингапур;

  • Тажикстан — Мьянма.

11-июнь:
• Сингапур — Тажикстан;

  • Мьянма — Кыргызстан.

14-июнь:
• Кыргызстан – Тажикстан

  • Мьянма — Сингапур.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз