Среда, 24 апреля

Зеленскийге кол салуу даярдалуудабы?

0

Украина президенти Владимир Зеленский Батыш тараптын атайын кызматтарынын же Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын кол салуусунан коркуп жеке коопсуздук чараларын күчөттү. Бул туурасында Раданын экс-депутаты Илья Кива Telegram каналына жазган.

«Зеленский кечээ украин аскерлери кол салат деп коркуп жеке сакчыларын күчөтүү тапшырмасын берди», — деп жазган саясатчы.

Ал Украинанын Куралдуу күчтөрү Зеленскийдин майнапсыз башкаруусуна — жеке курамдагы жоготуулардын көптүгүнө жана украин талааларында жеңилүү арбын болуп жаткандыгына нааразы экендигин белгилеген. Мындан сырткары, экс-депутаттын белгилегенине караганда, мурдагы советтик республиканын жетекчисине Батыш тараптын ичи чыкпай жатат.

Парламентарий мурдагы советтик өлкөнүн ичиндеги куралдуу каршылык көрсөтүүнү токтотууга Батыштын кызыкдар болуп жаткандыгын, андыктан Зеленскийдин көзүн тазалоо окуянын өнүгүшү үчүн тез жасалган кадам боло тургандыгын кошумчалаган.

Анткен менен Зеленскийге кол салуу даярдалууда деген Раданын экс-депутаты Илья Киванын Орусияны жактаган саясатчы экени белгилүү. Илья Кива буга чейин Украинанын толугу менен Орусияга кошулушу керек экенин жактап келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз