Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.
Учурда инфраструктуранын даярдалган бөлүгү бар (базалар, жолдор, карьерлер), 500 кВ «Датка-Кемин» аба электр чубалгысы жакын жайгашкандыктан, Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын бөлүштүрүү схемасы боюнча эң аз чыгымга ээ болот, республиканын калкын кыш мезгилинде энергия менен камсыздоо маселелери чечилет, келечекте өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшү канааттандырылат жана CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциал камсыз кылынат.
“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.
Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү — туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.