Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 7-июнда Нур-Султан шаарында жолугушту.
Анда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору, Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана Кытайдын грантына Кыргызстандын ирригациялык системасын жакшыртуу маселеси талкууланды.
Тараптар кыргыз-кытай өткөрмө бекеттерден жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча да макулдашканын Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кабарларды.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кара жол менен ташылган жүктүн көлөмү быйыл март айында пандемияга чейинки мезгилдеги көрсөткүчкө жеткен. Эки өлкөнүн чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” аркылуу жүк ташуу коронавирус пандемиясынан улам азайып кеткен.