Воскресенье, 12 мая

Абал чыңалууда. Греция Түркияга жакын аралдарга курал-жарак жайгаштырууда

0

Греция Түркия менен мурда түзүлгөн келишимдерди бузуу менен аскердик статуска ээ эмес аралдарга курал-жарак жайгаштырууда. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган «Эфес 2022»  машыгуусу учурунда айтты. Эрдоган «Грецияны аскердик статуска ээ эмес аралдарды куралдандыруудан баш тартууга, эл аралык келишимдерге ылайык мамиле кылууга» чакырды.

Муну менен катар Түркия Греция менен чектеш аймактарда «Эфес 2022» аскердик машыгуусун улантууда. Машыгууга Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги, Башкы штабы, деңиз жана аба күчтөрү, жандармерия, жээк коопсуздук командирлиги, жарандык коомдук мекемелер жана уюмдар болуп жалпы 11 миң кызматкер катышууда.

Айрым эксперттер Грециянын нейтралдуу статуска ээ аралдарга курал-жарак жайгаштыруусу эки өлкө ортосунда аскерий кагылышууга алып барышы мүмкүн деп божомолдошууда. Анткени нейтралдуу статуска ээ аралдар Түркиянын шаарларына аябагандай жакын жайгашкан. Кээ бир аралдар Түркиянын жээктеринен көрүнүп турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз