Суббота, 21 сентября

Орусияда соттуулугу барларга такси айдоого тыюу салынды

0

Орусияда соттуулугу бар адамдарга таксист же автобус менен трамвай айдоочусу болуп иштөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу мыйзамга өлкөнүн президенти Владимир Путин кол койду.

Мыйзамга ылайык, коомдук транспортту төмөндөгүдөй оор жана өзгөчө оор кылмыш жасап, жаза мөөнөтү бүтө элек же соттуулугу алына элек адамдар айдай албайт:

  • коомдук коопсуздукка каршы;
  • конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттик коопсуздукка каршы;
  • тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы.

Эреже ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамында каралган ушундай эле кылмыш жасаган жарандары үчүн да иштемекчи.

Таксисттердин мындан тышкары төмөнкүдөй кылмыштар үчүн да соттуулугу болбошу керек:

  • адам өлтүрүү;
  • атайылап адамдын ден соолугуна оор залака келтирүү;
  • адам уурдоо;
  • талап-тоноочулук;
  • каракчылык;
  • адамдын жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштар.

Мында такси айдоочулары орточо оордуктагы кылмыштар үчүн да соттолбогон болушу шарт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз