Воскресенье, 19 мая

Орусияда McDonald’s ресторандары кайра ачылды

0

Украинадагы согуштан улам Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтоткон McDonald’s ресторандары бүгүн жаңы бренд аты менен кайрадан эшигин ачты.

Өлкөдөгү McDonald’s ресторандары «Вкусно и точка» аттуу жаңы аталыш менен кайрадан ишмердүүлугүн баштады. McDonald’s логотиптери жана ресторандардагы McDonald’s азыктарынын аталыштары өзгөртүлдү.

Орусия боюнча ачылган жаңы ресторандарга өзгөчө жаштар абдан кызыгып, маал-маалы менен узун кезектер пайда болуп жатканы байкалган.

Орусиядагы биринчи Макдоналдс 1990-жылы борбор калаа Москванын Пушкин аянтында ачылган. Ачылыш күнү 40 миңге жакын адам келген филиалдын алдында жүздөгөн адамдар сааттар бою кезек күтүшкөн.

Орусиядагы эң популярдуу батыш бренддеринин бири Макдоналдс марттын башында өлкөдөгү ресторандарын жапкан.

Компаниянын аткаруучу директору Крис Кемпчински 8-мартта Украинадагы согуштан улам ушундай чечимге келишкенин жарыялаган.

Макдоналдстын 19-майда жасаган билдирүүсүндө, компания Орусиядагы бардык ресторандарын учурда тамак-аш тармагында иштеген Александр Говор аттуу орусиялык ишкерге сатуу боюнча келишимге жетишкени маалымдалган.

Билдирүүдө Орусиянын Сибирь аймагында да 25 Макдоналдс ресторанын иштеткен Говордун өлкөдө 850 Макдоналдс ресторанын сатып алууга жана ресторандарды башка бренд менен иштетүүгө макул болгону белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз