Суббота, 21 сентября

Бишкекте түрк фильмдери бекер көрсөтүлөт

0

Баш калаа Бишкекте 16-20-июнь күндөрү түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу «Жергиликтүү ой пикир» коому билдирди.

Маалыматка караганда, Түрк тасмаларынын 6-жумалыгынын бет ачары «Россия» кинотеатрында өткөрүлөт.

“Түрк кинолорунун жумалыгы «Арноо – Ыйык күрөш» тасмасы менен ачылат. Иш-чара боордош өлкөлөр Кыргызстан менен Түркиянын кино тармагына көпүрө болот. Бул багыттагы байланыштарды чыңдайт, бекемдейт. Жумалыкта белгилүү режиссерлордун сыйлык алган эмгектери менен катары алардын популярдуу тасмалары да көрсөтүлөт. Ошондой эле, бул мыкты фильмдер аркылуу түрк киносуна сереп салууга “панорамалык” мүмкүнчүлүк түзүлөт” – деп айтылат маалыматта.

2022- жылдын 16-20-июнь күндөрүндө Бишкекте өтө турган Түрк тасмалары жумалыгында «Арноо – Ыйык күрөш», «Сүйүү айттырбай келет», «Үнсүз дарак», «Ичимдеги каарман» кинолору жана «Стамбулдун сакчылары» аттуу анимациялык фильмдер акысыз көрсөтүлөт.

Ошондой эле жумалыктын алкагында көрүүчүлөргө түрк киносунун атактуу адамдары жолугууга, алар менен баарлашууга, жакындан таанышууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жолугушуу Кыргыз-түрк Манас университетинде болот.

“Иш-жаранын жүрүшүндө Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлору жолугушуп, бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт” – деп белгиленет маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз