Суббота, 18 мая

Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду

0

Кыргыз-тажик чегинде чек арачылар ортосунда атышуу болду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Булак-Башы жергесинде саат 06:50дө Тажикстандын “Кех” чек ара посту тараптан Кыргызстандын “Булак башы” чек ара посту тарапка ок атылган. Ага жооп катары кыргыз тарап Тажикстан тарапка ок аткан. Эки тараптын тең чек арачылары дароо согуштун абалга өтүшкөн. Ок атышуу 07:00дө токтогон.

«Ал арада Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү өттү. Окуя болгон жерге тараптардын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жөнөп кетишти. Бирок, саат 07:50дө тажик тарап гранатомед жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок ата баштаган. Ок атышуу 08:10до токтогон. Азыркы учурда тараптар ок атышуунун себебин тактоо максатында жолугушуу өткөрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилегендей, саат 08:40ка карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал оор деп бааланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз