Четверг, 2 мая

Акаев: Түрмөлөрдү криминал башкарат

0

Түрмөлөр өзүнчө өлкө болуп калды, аларды криминал башкарып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Акаевдин пикиринде, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун макамын жогорулатып, ага акча каражатын «аябай бөлүп берүү керек»:

«Түрмөлөрдү криминал башкарат. Мына ошолор менен сүйлөшкөндөн кийин гана ысык сууга жуунат. Үйүнөн ата-энеси берип жиберген тамакты ошолордун уруксаты менен гана киргизет. Жуунганды айтып жатышат «100 сом берсең ысык суу берет, болбосо, муздак суу берип коет же суу бербей коюшу мүмкүн» деп. Кыйноо да мунун баары. Ким каерге жайгашышы керек, ошонун баарын криминал чечип жатат. Акчанын баарын ошолор алып жатат. Түрмө өзүнчө өлкө болуп калды. Ушуну кантип көрбөйсүңөр?».

Жыйынга катышып жаткан Жаза аткаруу кызматынын, Башкы прокуратуранын жана башка тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү депутаттын бул айткандарына комментарий беришкен жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз