Пятница, 26 апреля

Бишкекте Азия чемпионаты өтөт. Мээрим менен Айпери да күрөшөт

0

Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты бир учурда өтөт.

Анын айтымында, эки чемпионат 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында болот. Эки жаш курактагы чемпионаттын бир учурда өтүшү Кыргызстанда биринчи жолу болууда.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев мелдешке 21 өлкөдөн 500дөн ашык балбандын келерин айтып, кечээ Япониядан 13 спортчу келгенин маалымдады.

«Бишкектин Азия чемпионатына белгилүү спортчулардан Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Калмира Билимбек кызы, Сезим Жуманазарова, Нурмухаммед Абдуллаев, Тайырбек Жумашбек уулу жана Акылбек Талантбеков катышат», — деди Турганбаев.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Кыргызстан Азия чемпионатын 4-жолу өткөрүп жатканын кошумчалады.

«Шаардык муз аянтындагы даярдык жумуштардын баары бүттү. Мамлекет тарабынан 6 млн сом бөлүнүп берди. «Кумтөр» биздин негизги жана жалгыз демөөрчүбүз болуп жатат. Эмнеге муз арена, анткени «Газпром» комплексине 500 адам батса, бул жерге 2 миң адам кирип, көрүүгө мүмкүнчүлүк бар», — деп белгиледи ал.

Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 60 спортчу 10 салмак категорияда күрөштүн үч түрүнөн катышат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз