Вторник, 23 апреля

Бишкекте VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды

0

Кечээ, 16-июнда Россия кинотеатрында Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда “Йерли Дүшүнже/ Жергиликтүү ой пикир” коому тарабынан уюштурулуп жаткан VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Иш-чаранын ачылышына КР маданият министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах, түрк элчиси Ахмет Садык Доган, Түркиянын Ак партиясынын төрагасынын орун басары Метин Гундогду жана эки өлкөнүн кино ишмерлери катышты.

Анда Кыргызстан менен Түркиянын орток маданияты, кино жаатындагы алакалар тууралуу жылуу пикирлер айтылып, бир катар кино ишмерлерине эки өлкөнүн ортосундагы маданий көпүрөнү бекемдөө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Ачылыш маданий программа менен коштолуп, андан соң кино күйөрмандарына тасма тартууланды.

Маалымдалгандай, тасмалар 20-июнга чейин Россия кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.

Жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу өтүп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт. Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен кыргызстандык кино актерлорунун ортосунда жолугушуулар менен катар орток эмгектерди жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар жүргүзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз