Пятница, 22 ноября

Поездин жол киреси кымбаттады

0

Бүгүн 17-июндан тартып Кыргызстанда өлкө ичинде поезд менен каттаган жүргүнчүлөр үчүн жол кире кымбаттады. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына караганда, Транспорт жана коммуникация министрлигинин жаңы тариф тууралуу буйругу 16-июнда чыкты.

Ага ылайык, Бишкектен Шопоков жана Кант шаарларына чейин чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн алты сом, Бишкектен Кара-Балта жана Токмок шаарларына 56 жана 20 сом, ал эми Балыкчыга чейин 150 жана 73 сом деп аныкталды.

Акыркы жолу өлкө аймагында темир жолдун ички жол киреси 2010-жылы жогорулатылган.

Балыкчыга, мисалы, чоңдор үчүн билет баасы 69 сом болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз