Четверг, 2 мая

Паспорт коррупциясы же “Инфоком” жетекчилери туура эмес камалдыбы?

0

15-апрелде УКМК тарабынан  “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын (МИ) Талант Абдуллаевди, статс-катчы  Данияр Бакчиевди жана Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаевдерди кыргызстандыктардын жаңы биометрикалык  паспорту үчүн өткөрүлгөн тендерге байланыштуу кармады.

Бул окуя көпчүлүк үчүн катардагы эле чиновниктердин коррупцияга байланыштуу кармалышы катары кабыл алынган менен айрымдарды таң калтырды. Себеби козголгон кылмыш ишинин айрым жагдайлары азыркыга чейин белгисиз.

Баары эмнеден башталган?

МКК эки жыл мурда КРда жалпы жарандык биометрикалык паспортту киргизүүнү жарыя кылган. Андыктан бланк даярдоо үчүн тендер жарыялоо керек эле. 2018-жылы 18-октябрда тендер жарыяланып, ага беш компания катышкан.  Жыйынтыгында  Garsu Pasaulis  ЖАК компаниясы жеңген. Бул компания өзүнүн кызматы үчүн 940 млн. 150 миң сом алган. Башка компаниялар болсо кызматы үчүн мындан азыраак сумманы сурашкан.

Эмнеге башка билдирмелер ылайык келген эмес?

МКК талабы ылайык келбегендиктен Veridos GmbH (Германия), Mühlbauer ID Services GmbH (Германия), «Банкнот фабрикасы» (Казакстан) тарабынан берилген сунуштамалар жараксыз деп табылган.

Эки компания — Mühlbauer ID Services GmbH жана IDEMIA France SAS – тендердин жыйынтыгына нааразы болушуп, ведомстволор аралык комиссияга арызданышкан. Бирок комиссия даттануунун негизи жок деген жүйө менен ишти андан ары кароодон баш тарткан.

Эмне үчүн тендердин жеңүүчүсү менен келишимге кол коюлган эмес?

Мыйзамга ылайык сатып алуучу жана тендердин жеңүүчүсү сот иштери жүрүп жаткандыктан, келишим түзө албайт. Мындан тышкары анын ишке киришүүнүн тиешелүү мөөнөтү бар, эгер ошол мөөнөттө баардык чыр-чатак маселелер чечилбесе, анда тендер өткөн жок деп табылат.

Ошондуктан МКК жана Garsu Pasaulis ЖАК ушул мезгилге чейин келишимге кол койгон эмес.

Эмне үчүн кармалуулар башталган?

22-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан МККнын айрым жетекчи кызматкерлерине карата жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун бланкаларын сатып алууга конкурс өткөрүлүшү боюнча мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн  иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө МККнын мурдагы жана учурдагы жетекчилеринин тендерди жеңген компаниянын өкүлдөрү менен тыгыз байланышы бар экендигин, алардын эсебинен МККнын өкүлдөрү чет өлкөлөргө чыгып келишкен.

Болжолдуу түрдө мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы – 253 млн. сом болгон. Бул жеңүүчү-компания менен эң аз сумманы сунуштаган компаниянын ортосундагы айырмачылык.

Арыздануучулар тендердин жыйынтыгына нааразы болгон компаниялар болушкан. Бирок бул тууралуу 1-апрелде гана, МККнын чиновниктери менен башка адамдар суракка чакырылганда гана белгилүү болгон.

Ким суракка чакырылып, кимдер камалды?

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына арыздарды караган ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү Анна Капушенко жана Нурзат Кусаиновдор чакырылган.

Суракка ошондой эле төмөндөгүлөр барышкан:

  1. Төраганын орун басары Руслан Сарыбаев;
  2. МККнын юридика бөлүмүнүн башчысы  Кубат Черикчиев;
  3. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Балтабаев;
  4. статс-катчы Данияр Бакчиев.

Айрым маалыматтарга ылайык, суракка “Инфоком” МИнин жетекчиси Талант Абдуллаев да чакыртылган. Жыйынтыгында 15-апрелде үч адам – “Инфоком” МИнин жетекчиси Талант Абдуллаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана МККнын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаевдер камакка алынган.

Кармалган адамдар эмнеге катышкан?

Статс-катчы Данияр Бакчиев МККнын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүн жетектеген, МККнын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев тендердик комиссиянын төрагасы болгон.

Талант Абдуллаев комиссиянын курамына кирген эмес, конкурстук комиссиянын ишмердүүлүгүн алкагында иш кылган эмес.

Мындан канча акча жоготтук?

Конкурстук арыз берүүнүн мөөнөтү 2-апрелде аяктап, бирок жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун бланкасы келген эмес. Garsu Pasaulis ЖАК менен келишим түзүлгөн эмес жана бул компанияга өлкө бюджетинен кандайдыр-бир төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес. Андыктан, экономикалык жоготуулар жок.

Кыргызстандыктар паспортсуз калбайбы?  

Жок, себеби тендер жаңы үлгүдөгү – биометрикалык маалыматтар менен даярдалуучу паспортторго гана тиешелүү болчу. Ал эми азыркы колдонулуп аткан паспорттордун бланкасы жетиштүү – аны  De La Rue даярдайт.

КРда 130 миң жалпы республикалык паспорттун бланкасы бар, 2-майда дагы 250 миңи келет (калктын ай сайын керектөөсү 32 миң).

А. Белеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз