Суббота, 20 апреля

Статистика. Жол кырсыктары азайса да, жолдо өлгөн балдардын саны өстү

0

Быйыл Кыргызстанда балдардын жолдо өлүмү 2021-жылга салыштырмалуу 50%га өскөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн улук инспектору Елкин Арстанбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 5 айында Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 7,6%га аз катталган. Өшондой эле каза болгондор14%га, жабыркагандар 7%га азайган.

“Жашы жете электердин катышуусундагы жол кырсыктарына келсек, быйыл былтыркыга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 0,9%га көбөйгөн, ага жараша каза болгондордун саны 50%га, жаракат алгандардын саны 1,2%га көбөйгөн”, — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз