Пятница, 3 мая

Жаңы окуу жылы 1-сентябрдан башталмай болду

0

Быйылкы окуу жылы 1-сентябрдан башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев парламентте билдирди.

Анын айтымында, министрлик ушундай бүтүмгө келген, эки жуманын аралыгында министрлер кабинетинин токтому чыгат.

«Мугалимдердин, жалпы коомчулуктун арасында сурамжылоо жүргүздүк. Окууну 1-сентябрдан баштоону көбү колдоп жатат. Эртең өкмөткө токтом долбоору кирет. Бир же эки жуманын ичинде окуу жылын кайра 1-сентябрдан баштоо жөнүндө токтом кабыл алынат», — деди министр.

Белгилей кетсек, былтыр август айында өкмөттүн токтому менен окуу жылын 15-сентябрда баштап, 9-июнда аяктоо чечими кабыл алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз