Видео. Украина дагы бир орус кемесин атып жок кылды

0

Украинанын деңиз күчтөрү Кара деңизде Орусияга таандык ок-дары, курал-жарак жана аскерлерди ташыган кеменин жок кылынганын билдирип, анын видеосун жарыяларды.

Украианын деңиз күчтөрүнүн фейсбук баракчасынан берилген маалыматка караганда “Жылан” аралына ок-дары, курал жана аскер ташыган Орусиянын Кара деңиз флотуна караштуу «Василий Бех» буксир кемеси Кара деңиз сууларында жок кылынды. 

Кемеде «ТОР» абадан коргонуу системасынын да бар экендиги белгиленди. 

Маалыматта алгачкы кабарларга караганда экипаждын 70 пайызынын жок кылынганы, калган бөлүгүнүн абалы белгисиз экендиги, кеменин Кара деңизге чөгүп кеткени билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз