Пятница, 26 апреля

Акча Кыргызстандан суудай агып чыгууда. Себеби эмне?

0

Апрель айында Кыргызстандан рекорддук сумма болгон 79,7 миллион доллар сыртка чыккан. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Бул сумма жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операцияларына гана тиешелүү. Бул бир айдагы которуулар боюнча рекорд болу эсептелинет.

Анан дагы эң кызыгы акчанын эң көбү, башкача айтканда 74,7 миллион доллар Орусияга которулган. Ал эми 5 миллион доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

Буга чейин эң жогорку көрсөткүч 2019-жылдын декабрында болуп, 61,2 миллион долларга жеткеАдистер муну дүйнөлүк кризис менен байланыштырууда. Анткен менен мындай жараян Кыргызстандын экономикасына өз таасирин тийгизбей койбойт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз