Суббота, 4 мая

Султан Раев Венгриянын «Туран» фондунун өкүлдөрү менен жолукту

0

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев расмий сапар менен Венгрия жүрөт. Раев Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министрлигине барды. Мындан сырткары ал Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Шандор Лежак менен жолукту.

Будапештте Раев Венгриянын «Туран» фондунун, Венгриялык мурас үйүнүн, Венгриянын Фольклордук ассоциациялар бирлигинин жетекчилери менен жолугушуп, “Венгриялык түркологдордун биографиялык чакан энциклопедиясынын” бет ачарына катышты, Айтматов паркына барып, улуу жазуучунун жаркын элесине таазим этип, гүлчамбар койду жана Европанын 2023-жылдагы маданий борбору деп аныкталган Веспрем шаарында да бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп быйыл март айында дайындалган. Учурда ал түрк тилдүү өлкөлөрдү, элдерди кыдырып, уюм алкагындагы өз ара маданий алакаларды талкуулап жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз