Воскресенье, 28 апреля

Афганистанда храмга кол салуу болду

0

Афганистандын  борбору Кабулда индус жана сикх храмына бомбалуу жана куралдуу кол салуу болду.

Талибан башкаруусунун Ички иштер министрлиги Кабулдун Карте-и Перван аймагындагы индус жана сикх храмына бомба жана куралдуу кол салуу болгонун жарыялады. Маалыматта храмдын ичине кирген кол салуучуларды жок кылуу үчүн операциялардын улантылып жаткандыгы билдирилди. 

Көргөн күбөлөрдүн айтымында  кол салуу храмда  индус жана сикх дининин өкүлдөрүнүн  сыйынуусу учурунда болду. 

Талибан күчтөрү храмга барган бардык жолдорду унааларга жапты. Каза болгондор тууралуу азырынча маалымат  берилбестен, кол салуунун жоопкерчилигин  эч ким моюнга ала элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз