Понедельник, 6 мая

Мектептерди ондоо иштерине канча каражат бөлүнөт?

0

Өкмөт мектептерди оңдоп-түзөөгө жылына 100 млн. сом гана бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Өкмөт өкүлү бул каражат жалпы муктаждыктардын 24% гана жабарын, демөөрчүлөр, жергиликтүү бийликтин жардамы менен мектептерди оңдоп-түзөөгө аракет жүрүп жатканын белгиледи.

«Финансы министрлиги бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап жылына 100 миллион сом бөлүп берип жатат. Бирок министрибиз Алмаз Бейшеналиев өкмөт башчы Акылбек Жапаровго да кирип бул каражатты бюджеттин мүмкүнчүлүк болгон сайын чоңойтуп берүү боюнча кайрылып жатат. Учурда 245 мектеп кооптуу абалда турат»,-деди Надырбекова.

Кыргызстанда жалпысынан 2162 мектеп бар. Өткөн айда Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы мектептердин биринде сабак маалында класстын шыбы кулап түшкөн. Мындан улам өлкөдөгү эски, авариялык абалдагы мектептердин коопсуздугуна байланыштуу маселе кайра козголгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз