Среда, 24 апреля

Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар төрт медаль утту

0

Бишкекте өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында эки кыргызстандык балбан чемпион болду. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинки балбандар килем үстүнө чыкты. Эркектер арасында 45 кг, 48 кг, 51 кг, 55 кг, 60 кг, 92 кг жана 110 кг салмакта жарыштар орун алып, анын жыйынтыгында кыргызстандык балбандар эки алтын, бир күмүш жана бир коло медаль утту:

1-орун — Жантөрө Мирзалиев (60 кг);

1-орун — Нурболот Сыргабай уулу (92 кг);

2-орун — Кубаныч Аринов (51 кг);

3-орун — Абдулахадходжа Абдуллаходжаев (55 кг).

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча чемпионат 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 60 спортчу коргоодо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз