Среда, 24 апреля

Азия чемпионаты: Кыргызстандын кыздар курамасы төрт медаль утту

0

Кыргызстандын 17 жашка чейинки күрөш боюнча кыздар курама командасы Бишкектеги Азия чемпионатында жалпы төрт медаль жеңди.

Азия чемпионатында кыргыз кыздары бир алтын, үч коло медаль тагынышты:

1-орун — Гүлнура Таштанбекова (65 кг);

3-орун — Айтолкун Медет кызы (57 кг);

3-орун — Жаркынай Нурлан кызы (61 кг);

3-орун — Диана Амантурова (43 кг).

Эскерте кетсек, 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты өтүүдө.

Буга чейин 17 жашка чейинки грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары жети медаль багындырып, командалык көрсөткүчтө Кыргызстан биринчи орунду ээлеген.

Ал эми 17 жашка чейинки эркин күрөш боюнча балбандардын кармашуусу бүгүн аяктайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз