Эл аралык олимпиада комитети кыргызстандык 15 спортчуга ай сайын 500 доллардан стипендия төлөй баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
Ага ылайык, 2022-жылдын 1-майынан тарта 2024-жылдын 31-августуна чейин 15 кыргызстандык спортчу стипендия алат.
“Буга чейин 10 стипендия болсо, бул жолкуда спортчулардын саны 15ке жетти. Теория боюнча стипендия 1-майдан баштап берилмек, бирок каражат азырынча түшө элек. Акча түшөрү менен спортчуларга каражат бериле баштайт”, — деп айтылат маалыматта.
Тизме:
1.Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;
2.Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;
3.Алибек Осмонов – эркин күрөш;
4.Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;
5.Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;
6.Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;
7.Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;
8.Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;
9.Кальмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;
10.Владимир Золоев – дзюдо;
11.Нурсултан Кенешбеков – жеңил атлетика;
12.Гульшаной Сатарова – жеңил атлетика;
13.Денис Петрашов – сууда сүзүү;
14.Бекдоолот Расулбеков – оор атлетика;
15.Нурадин Рустамбек уулу – бокс.