Суббота, 27 апреля

«Тулпар» карталарын сатуу боюнча кошумча пункттар ачылды

0

Бишкекте стандарттуу «Тулпар» карталарын сатуу боюнча кошумча 30 жаңы пункт ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сатуу пункттары шаардын жарандар көп туруучу аялдамаларында жайгашкан.

«Бул муниципалдык транспортто накталай эмес жол кире акысына толук өтүүгө даярдыктын алкагында жасалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Пункттардын толук тизмеси менен сайттан таанышууга болот.

Эске салсак, акция @beeline_kyrgyzstan менен биргеликте өткөрүлүүдө. Картанын баасы 50 сом (1 сапар баа кирет).

Бишкек мэриясы 1-июлдан тарта муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда накталай төлөм алынып салынарын эскертет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз