Четверг, 25 апреля

Ооганстандагы жер титирөөдө 255 киши каза болду

0

Кечээ кечинде Ооганстандын Пактика провинциясында болгон 5,9 баллдык жер титирөөдө биринчи аныктамалар боюнча 255 киши каза болду.

Жетекчилер жер титирөөдөн Пактика провинциясынын Гиян району жана Хост провинциясынын Спирей району эң көп зыян тартканын билдирди.

Жер титирөөдө 255 кишинин каза болгондугу боюнча маалыматын бөлүшкөн жетекчилер, алгачкы аныктамаларга караганда жарадарлардын көп экенин билдирди.

Бийликтер издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын, аймакка тик учактар ​​менен жардам жиберилгенин белгиледи.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:24тө болгон жер титирөө Пакистандын борбор шаары Исламабад жана Пешавар сыяктуу чек арага жакын шаарларда жана борбор калаа Кабул баш болгон калк жыш жайгашкан шаарларда сезилди.

Азырынча жер титирөөдө адам өмүрүнө жана мал-мүлктө жоготуулар болгон-болбогону тууралуу маалымат жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз