Суббота, 20 апреля

Орусияда аскердик учак кулады

0

Орусиянын Ростов облусунда Су-25 согуштук учагынын кыйрашынан улам учкуч каза болду.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк Аскердик аймагынын басма сөз борборунан берилген маалыматта, пландалган машыгуу учуусун аткарып жаткан Су-25 үлгүсүндөгү согуштук учактын кулап түшкөнү белгиленди.

Билдирүүдө: «Учуу ок-дарысыз ишке ашты. Учак ээн жерге кулап түштү. Эч жерде кыйроолор болгон жок»,-деп кабарланды.

Биринчи маалыматка караганда учактын техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы айтылса, Орусиянын Аскердик Аба жана Космос күчтөрүнөн түзүлгөн комиссиянын кырсык болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзгөнү маалымдалды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз