Четверг, 25 апреля

Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатынан 13 медаль утту

0

Бишкек шаарында 17 жашка чейинки балбандар арасында эркин, грек-рим, кыздар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.

Кыргызстандын бул жаш курактагы балбандары жалпы 13 медаль жеңди:

Грек-рим күрөшү боюнча жети медаль:

1-орун — Жантөрө Мирзалиев (60 кг);

1-орун — Кутман Темирбеков (65 кг);

1-орун — Асан Жанышов (80 кг);

1-орун — Нурболот Сыргабай уулу (92 кг);

2-орун — Кубаныч Аринов (51 кг);

3-орун — Абдулахадходжа Абдуллаходжаев (55 кг);

3-орун — Жоомарт Аралов (71 кг).

Кыздар арасындагы күрөш боюнча төрт медаль:

1-орун — Гүлнура Таштанбекова (65 кг);

3-орун — Айтолкун Медет кызы (57 кг);

3-орун — Жаркынай Нурлан кызы (61 кг);

3-орун — Диана Амантурова (43 кг).

Эркин күрөш боюнча эки медаль:

1-орун — Билол Шарип уулу (60 кг);

3-орун — Аскат Токтоматов (55 кг).

Эскерте кетсек, бүгүн, 23-июнда Бишкекте эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-23 Азия чемпионаты башталат.

U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз