Среда, 24 апреля

Трамп: «Байден АКШны үчүнчү дүйнөлүк согушка алып баратат»

0

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп президент Жо Байдендин улуттук экономиканы көңдөй кылганын жана өлкөнү Украинанын айынан «дүйнөлүк согушка» сүйрөгөнүн айтты.

Трамп Newsmax алып баруучусу Эрик Боллингге: «Өлкөбүздүн башында чоң мүшкүл бар. Биздин мамлекет эч качан мындай болгон эмес. Украина менен Орусияда болуп жаткан окуяларга байланыштуу чоң коркунучтабыз. Алар (Байдендин администрациясы) жетектегендей түрдө дүйнөлүк согуш менен аякташы мүмкүн. Алардын кылганы оолуккандык. Бул жиндилик»,- деди.

Байденди Киевге 10 миллиард долларлык аскерий жардам жөнөткөнүн сынга алган Трамп, жаңжалды тутантуунун «Үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келерин» белгиледи.

Трамп ошондой эле «эгер мен дагы эле бийликте болгондо, Украина согушу эч качан болмок эмес» деген риторикасын кайталады.

АКШнын мурунку президенти чыр-чатакты кантип алдын аларын түшүндүргөн жок, бирок өзү башкарып турган кезде АКШнын «урматталганын» баса белгилеп, кайра шайлангандан кийин бир жуманын ичинде Иран менен өзөктүк программасы боюнча «келишим түзөөрүн» айтты.

Трамп 2024-жылы кайрадан шайлоого баруусуна эч кандай тоскоолдук жок экенин да кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз