Суббота, 27 апреля

Украинага ЕБне кирүүгө талапкер макамы берилди

0

Украина менен Молдовага Европа Биримдигине кирүүгө талапкер макамы берилди. Мындай чечим уюмдун Брюсселде 23-июндагы өткөрүлгөн саммитинде кабыл алынды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимди кубаттады жана “Бул жеңиш. Биз аны 120 күн жана 30 жыл күткөнбүз” деп билдирди. Ошондой эле талапкер макамынын берилишин Украина менен Еврошаркеттин алакасындагы “өзгөчө учур” катары сыпаттады.

16-июнда Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Румыниянын лидерлери Киевге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушууда Украинага Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берүүнү колдой турганын билдиришкен. Ага чейин Украинанын борборуна Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен да келип кеткен.

28-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Евробиримдикке кошулуу жөнүндө арыз жазган. 3-мартта ушундай арыз менен Грузия жана Молдова кайрылган.

Эгерде Украинага “кошулууга талапкер” макамы берилсе, анда өлкө уюмдун толук мүчөсү болушу үчүн анын талабына ылайык көптөгөн реформаларды өткөрүшү керек. Андан кийин уюмга мүчө 27 мамлекеттин баарынан бир добуштан колдоо алышы керек. Мурдараак Bloomberg басылмасы өз булактарына таянуу менен аны Евробиримдикке кошууга Дания менен Нидерланд каршы чыгып жатканын жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз