Бишкекте пластикалык операция жасатам деген аял көз жумду

0

“Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бейтап жеке клиникадан Улуттук госпиталга оор абалда түшкөн.

«Көрүлгөн чараларга карабастан, ал каза болду. Тиешелүү экспертиза дайындалды, укук коргоо органдары тарабынан баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде, милициянын басма сөз кызматы бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз